Бекешев Бишкекте жол салгандардын жоопкерчилиги тууралуу айтты

Бишкектеги жолдордун чуңкурларын жамоо иштери. 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 4-апрелдеги сессияда Бишкек шаарындагы жолдордун абалы жана сапатына байланыштуу жоопкерчилик маселесин көтөрдү.

“Жолдор танк менен өтүп кеткендей болуп калды. Акыры бирөө жоопкерчиликке тартылышы керекпи? Муну кандай кылабыз? Буга ким күнөөлүү?” - деди Бекешев.

Жыйынга катышып жаткан Бишкек мэри Айбек Жунушалиев депутатка жооп берип, жолдогу аң-чөнөктөрдү жамоо 27 көчөдө жүрүп жатканын билдирди. Мэр калаада көп жылдардан бери капиталдык оңдоо жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.

“Капиталдык оңдоо 2003-жылдан баштап 2017-жылга чейин жүргүзүлгөн экен. Башкача айтканда оңдоо көп жылдардан бери болгон эмес”, - деди.

Бишкекте жаз келгени көчөлөрдүн жолдору жыртылып, аң-чөнөктөр көбөйгөнүнө нааразылыктар айтылууда. Айрым жолдор салынгандан бир-эки жыл өтпөй жарактан чыгып жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары жазып, сүрөт-видеолорун жарыялашууда.

Калаадагы жолдордун маселеси 2-апрелде парламентте дагы көтөрүлдү. Буга чейин мэрия “Бишкекасфальтсервис” жолдорду оңдоп, жамоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

Эмгек министрлиги зомбулукту алдын алуу үчүн 300дөн ашык үй-бүлөнү кыдырган