"Яндекс.Такси" Кыргызстанда монополист деп таанылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы "Яндекс.Такси" компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда үстөмдүк кылган ишкана деп тапты. Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.

"Яндекс.Такси" компаниясына ээлик кылган “Яндекс” бизнес тобунун жетекчиси Данилл Шулейкону Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта кабыл алып, компаниянын айдоочулары салык төлөөгө тийиш экенин эскерткен.

“Яндекстин” өкүлүнүн жолугушууда айтканына караганда, учурда Кыргызстанда 100 миңден ашык айдоочу компаниянын тиркемесине кошулган.

“Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.

Компанияны былтыр күзүндө Орусиянын бийлиги да такси рыногунда монополист деп таанып, бааны көтөрүү, жүргүнчү менен айдоочуну бөгөттөө, айдоочулардын тапканынан үлүш алуу иштерин сынга алган жана монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Былтыр декабрда Казакстанда монополияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын негизинде “Яндекс.Такси” административдик жоопкерчиликке тартылып, өлкөнүн санарип системасын колдоо фондуна өз ыктыяры менен 3 млрд тенге (6,5 млн доллар) төлөп бергени кабарланган.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, “Яндекс.Такси” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

“Жарандык коомго чоң сыноо”. Талаштуу мыйзамга реакциялар Эмгек министрлиги зомбулукту алдын алуу үчүн 300дөн ашык үй-бүлөнү кыдырган Бишкек жылуулук борборун дагы ТВЕА жаңылайт Өкмөт экономиканын бардык тармактарында өсүү бар экенин айтты