Ботсвана Германияга 20 миң пил жиберерин айтып коркутууда

Ботсванадагы пил. Иллюстрациялык сүрөт.

Африкадагы Ботсвана өлкөсүнүн президенти Мокгвитси Масиси Германияга 20 миң пил жиберерин айтып, коркутту. Мунун алдында Германия өкмөтү аңчылык олжолорду алып кирүүгө катаал чектөөлөрдү киргизүү планы тууралуу билдирген.

Боствана лидери Европанын саясатчыларын жаратылыш маселесин жакшы билсе пилдердин арасында аңчылыксыз жашоону көрсөтүп берүүсүн талап кылды.

Ботсванада 130 миңден ашуун пил бар экенин бийлик билдирген. Жакында сегиз миң пил Анголага өткөрүлүп берилген.

Ботсвананын өкмөтү мындай чектөөлөрдөн мамлекеттин казынасы гана эмес, коруктар жана өлкөнүн эли да жабыркай турганын билдирүүдө.

Өткөн айда өлкөнүн жапайы жаратылыш министри Думезвани Мтимхулу Лондондогу Гайд-паркка 10 миң пил жиберерин айтып, коркуткан. Ал муну менен британдыктар "жапайы жаныбарлар менен чогуу жашоонун даамын татып көрүшү керектигин" билдирген. Министр муну британиялык депутаттар өлкөгө аңчылык олжолорду киргизүүнү тыюуга добуш бергенден кийин айткан. Документ азырынча кабыл алына элек, бирок бул милдет 2019-жылдагы шайлоодо консерваторлордун программасына камтылган.

Ботсвана Африканын башка өлкөлөрү сыяктуу эле жыл сайын пилдерге аңчылыкка лицензияга эл аралык аукцион жүргүзөт. Жүздөгөн лицензиянын ар биринин баасы 40 миң доллардын айланасында сатылат.

Дагы караңыз

Депутат - министр тиреши: Комиссия түзүлдү, президент билдирүү жасады Тайван: Зилзаладан кийин 25 жолу силкинүү болду3-апрель: Орусияда кыргыз жараны кармалды, АКШ Москвага теракт ыктымалдыгын эскерткенКазакстанда 10 жаштагы бала селде сууга чөгүп кеткени кабарланды"Шайлоодон кийин Эрдогандын алдында эки тандоо турат"