24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши кыскарды

24.kg агенттигинин сайты. Иллюстрациялык сүрөт.

Согушту пропагандалоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кеңсеси жабылып, жабдуулары алынган 24.kg маалымат агенттигине козголгон иш кыскарды. Бул тууралуу агенттик өз сайтына жазды.

Ага ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсү Эрлан Акынбеков 2-апрелде адвокат Нурбек Сыдыковдун өтүнүчүн аткарып, агенттиктин кеңсеси ачылган. Кеңсеге техникалык жабдуулар - компьютерлер, ноутбук жана кызматкерлердин телефондору, андан тышкары 15-январдагы тинтүү учурунда алынган бардык каржылык документтер да кайтарылган.

Үстүбүздөгү жылдын 15-январында УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Редакцияга тиешелүү документтерди, техникалык жабдууларды, кызматкерлердин жеке мобилдик телефондорунан бери алып коюшкан. Агенттиктин башкы директору Асел Оторбаеваны, редакторлор Махинур Ниязованы жана Антон Лымарды суракка алып кетишкен. 17-январда Асел Оторбаева менен Махинур Ниязова кайрадан суракка чакырылган.

24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турган.

Ал ортодо агенттиктин адвокаты Нурбек Сыдыков кеңсени ачуу жана техникалык жабдууларды кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу тергөөгө жана сотко кайрылып, жыйынтык чыккан эмес.

УКМК тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча козголгон иштин алкагында жүргөнүн билдирген. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактаган эмес.

18-мартта агенттиктин ээси жана директору журналист Гүлжан Шерипбаева болгону тууралуу маалымат жарыяланган. Шерипбаева "Азаттыкка" маалыматты комментарийлеп, 24.kg агенттигине эч кандай тиешеси жоктугун, чыныгы жаңы ээси эми ачыкка чыгарын айткан.

19-мартта 24.kg маалымат агенттигинин ээси жана жетекчиси Алмас Турдумаматов болгону тууралуу кабар тараган.

Алмас Турдумаматов коомчулукка мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы катары таанымал. Ошол туштагы бийликке таандык 5-каналды түптөөчүлөрдүн бири.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт, мындан сырткары, кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар. (ZKo)

Дагы караңыз

Газада эл аралык уюмдун өкүлдөрү соккуга кабылды "Чет элдик өкүл" мыйзамы: Жарандык коомдун кооптонуусу, президенттин жүйөсүТүрк медиасы: Кыргызстандык келин ИМ тобуна мүчө деген шек менен кармалды Ош: Жүк ташыган айдоочулар нааразылыкка чыкты Орусияда 13 жумушчусу каза болгон ишкананын дагы бир жетекчиси кармалды