Татарстандa дрон чабуулунан кыргызстандык жабыркады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2-апрелдин таңында Татарстанга дрондор менен сокку урулду. Чабуулда 17 жаштагы кыргызстандык да жараат алганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик дрондор "Алабуга Политех” коллежинин жатаканасына тийгенин, 12 студент жабыркаганын билдирди. Маалымат каражаттары сокку “Шахед” дрондорун чогулткан жайга урулганын жазышты. Орус бийлиги чабуул расмий Киевди айыптады. Украин бийлиги комментарий берген жок. Эксперттер белгилегендей, бул Украинада согуш башталганы чек арадан алыс аймакка урулган алгачкы сокку.