Түркияда өрт кырсыгы кеминде 27 кишинин өмүрүн алды

Окуя болгон жер.

Түркияда бүгүн 2-апрелде өрт кырсыгынан кеминде 27 адамдын өмүрү кыйылды. Өрт Стамбул шаарында, 16 кабат имараттын жертөлөсүндөгү түнкү клубдун ичинен тутанганын Би-Би-Си жазды.

Клубда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы жана коноктор үчүн жабык болгону айтылды.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл журналисттерге маалымат берип жатып кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин, адистер териштирүү жүргүзүп жатышканын айтты.

Дагы караңыз

"Чет элдик өкүл": Президенттин администрациясы мыйзам боюнча сындарга жооп бердиОрусияда 13 жумушчусу каза болгон ишкананын дагы бир жетекчиси кармалдыГаагада Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштары боюнча конференция башталууда"Чет элдик өкүл" мыйзамы: Жарандык коомдун кооптонуусу, президенттин жүйөсү