Атазов мандаты боюнча чечим чыгарган судьяны айыптады

Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Бишкек административдик сотунун судьясы Акылбек Досалиевди мандаты боюнча “мыйзамсыз чечим чыгарган” деп сындап, Бишкек шаардык сотуна кайрылганы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Судья Досалиевдин бул кадамы сот системасын бетине көө сүйкөп, өлкөдө болуп жаткан сот реформасына доо кетирди. Мындай сотко Жогорку Соттун төрагасы тарабынан укуктук баа берилүүгө тийиш деп эсептейм жана мыйзам боюнча шаардык сотко кайрылдым”, - деп жазды Атазов.

Бишкек административдик соту депутаттын билдирүүсүнө комментарий бере элек. Мыйзам боюнча судья өз чечимдерине пикирин билдирбөөгө укугу бар. Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Жараян 3-апрелге белгиленди.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовго эл аралык издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

УКМК Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалганын билдирген. Алар 26-мартта Бишкекке алып келинип, камалды.

15-февралда жергиликтүү Region телеканалында депутаттар Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Алардын издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда анын бир тууганы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун расмий кабарлаган. (TSh)

Дагы караңыз

Ташиев коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттар тууралуу жооп берди