Ташиев коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттар тууралуу жооп берди

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин текст түрүндөгү маеги “7-каналдын” сайтында жарыяланды. Анда УКМК башчысы коррупцияга каршы күрөш, андан мамлекетке өндүрүлгөн каражаттарга байланыштуу сын-пикирлерге жооп берди.

Ташиевдин айтымында, соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөн.

“20 миллиард сом дегениңиз бери жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, автоунаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт”, - деди Ташиев.

Ташиев атайын кызмат өндүргөн бардык каражат мамлекеттик казынага түшөрүн айтып, “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” талкуусундагы саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин коррупцияга каршы күрөш боюнча сынына жооп берди.

“Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү жарыя кылабыз”, - деди Ташиев.

“Эксперттер талдайт” талкуусунда саясатчы Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирин билдирген.

“Көлбаев менен камалгандардын бардыгы чыгып кетип жатат. Канча акча төлөдү, кандай болду? Бардык мамлекетте ачык-айкын болот. Казакстанда күрөш болуп жатат, бардыгы мыйзам чегинде. “Кустуризация” жок. Сот аркылуу түрмөгө барып, түрмөдөн зыяндын орду толтурулат. “Раим миллион” 2 млрд төгүп берген. Азыр дагы 88 млн. доллар деп жатат. Бул чыгымдарды ким аныктады”, - деген Суваналиев.

Буга чейин Каржы министрилиги мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча каражатын төгүү боюнча укук коргоо органдарынын атайын депозиттик эсептерине 2020-жылдан 2024-жылдын январь-февраль айларына чейин 20 млрд 455 миллион сом түшкөнүн кабарлаган.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлукка экономикалык мунапыс жарыялоо болду. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган.

Күрөштүн алкагында мурдагы жана азыркы бир топ аткаминерлер ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп, абактан чыгууда. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар. (TSh)

Дагы караңыз

1-апрель: Журналисттер камакта калды, Жогорку Кеңеште Орусиядагы мигранттардын маселеси көтөрүлдү