Орусия соңку суткада Украинанын бир катар аймактарын аткылаганын, бир адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүгүн 1-апрелде билдиришти.
Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин 16 калктуу пункт, анын ичинен облустун борбору бутага алынганын, Берислав районуна ракеталык чабуул жасалганын кабарлады.
«Орусиянын агрессиясынан бир киши каза болду, дагы экөө жараат алды», – деди Прокудин.
Бул облуста 15 чакты үй талкаланганы, газ түтүктөрүнө, айыл чарба ишканасынын насостук станциясына, өнөр жай компаниясынын аймагына, гараждарга, автомашиналарга сокку урулганы маалымдалды.
Запорожье облусунда бир киши жараат алганын, тогуз калктуу пункт аткыланганын аймактын жетекчиси Иван Федоров билдирди.
Харьков облусунда 33 жаштагы трактор айдоочусу контузия болгону, Донецк облусунда беш жергиликтүү тургун жабыркаганы да айтылды. (RK)
Дагы караңыз
Түлөбаев бийликти электр энергиясын арзандатууга чакырды Орозо айт майрамы 10-апрелде белгиленет Шайлообек Атазов мандатына байланыштуу шаардык сотко кайрылды "Ата-Бейит": тарых унутулса, трагедия кайталанат