Түлөбаев бийликти электр энергиясын арзандатууга чакырды

Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында президентке кайрылуу жолдоп, электр энергиясын арзандатууну сунуштады. Депутат буга электр энергиясы боюнча элдин арасында нааразылык бар деген жүйө келтирди.

“Акыркы убактарда кайра эле баягы эски жолго түшүп алдык. Урматтуу Садыр Нургожоевич, мен сизге кайрылат элем. Кичине командаңыздан абайлаш керек болуп жатат. Жарыктын баасын кайра көбөйтүп жатат. Бул коркунучтуу нерсе, мындан өткөнбүз. Башында айтпадыңар беле, "ушул тарифти эле көбөйтүп берип койсоңор жарыкты кайра алып келбейбыз" деп. Эми экинчи, анан үчүнчү баскычы келеби? Элди кыдырып келдик, аябай нааразычылык көп. Бул акырындан жыйнала берет, өкмөт, эсибизге келбейлиби”, - деди депутат.

Түлөбаев сырттан насыя алынып жатканы менен жөнөкөй элге жетпей жатканын кошумчалады.

Министрлер кабинети калкка электр энергиясынын баасын ушул жылдын июнь айында эмес, майдан тартып көтөрүүнү сунуштаган.

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин маалыматы боюнча, инфляциянын деңгээлин эске алуу менен 2024-жылдын 1-майынан тартып электр жарыгы 10,8 тыйынга кымбаттайт. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.

Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, электр жарыгын айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйын кошулат.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйындык тариф 2022-жылы июль айында киргизилген. (TSh)

Дагы караңыз

УКМК Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөсү кармалганын билдирди