Аба ырайы: Чүй менен Таласта үшүк жүрөт, ашууларда көчкү коркунучу бар

Бишкектен тоолордун көрүнүшү

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас менен Чүй облустарынын дыйканчылык аймактарында -2..-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө жана бүчүрлөрүнө коркунучтуу.

Өлкөнүн кан жолдорундагы ашууларда көчкү жүрүү коркунучу сакталат.

31-марттан 1-апрелине чейин болгон жаан-чачын жана күндүн жылышынан улам Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 74-107-чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр жолунун 68-74, 86-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел-Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымында, Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү, кар күрткү болушу мүмкүн. Айдоочулар ортодогу 500 метр аралыкты сакташы керек.

1-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, 0...-2, күндүз 11…16,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6,-1...-3, күндүз 10…15,

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 6…11,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 14…16 градус жылуу болот.