Украина: Орус армиясы 100дөн ашуун калктуу конушка сокку урду

Украина. Ирандын өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрону абадан атып түшүрүлгөн учур. Архив

Соңку суткада орус аскерлери Украинага ракеталык жана учкучсуз учактар менен чабуулду улантты. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады. Маалыматка караганда, жалпысынан учкучсуз учак менен 87 чабуул жасалган.

Украин тарап Чернигов, Сумы, Харьков, Луганск, Донецк, Запорожье, Днепропетровск, Херсон жана Николаев облустарында 100дөн ашуун калктуу конуш чабуул алдында калганын маалымдады.

Одесса облусунда сегиз учкучсуз учактын баары атып түшүрүлгөнү белгилүү болду. Инфратүзүм объектилери жабыркап, калктуу конуштар менен байланыш үзүлдү. Одессада электр транспорту ишин токтотту.

Львов облусуна болгон бул аптадагы кол салууда да инфратүзүм объектилери аткыланганын жергиликтүү бийлик билдирди. Бир киши каза болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги кол салуулар тууралуу комментарий бере элек. (AiA)