28-мартта Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Ош округунан 18 (экөө - аялдар), Кара-Суу менен Баткен округдарынан 12ден (баары эркек) киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди.
Эми алар 31-мартка чейин шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу ырастаманы, жогорку билимин тастыктаган дипломун, иштеген же окуган жеринен маалымкат, талапкер болууну каалаган адам өзү тууралуу маалыматты Боршайкомго бериши керек.
БШК алардын документин 8-апрелге чейин текшерип, талапкер катары каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарат. Андан кийин шайлоонун үгүт өнөктүгү башталып, ал 27-апрелге чейин уланат. Үч округда шайлоо 28-апрелде өтөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алган. Боршайком 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыз боюнча депутаттык мандатынан ажыраткан. (BTo)
Дагы караңыз
“Крокус Ситидеги” кол салууга байланыштуу дагы бир адам кармалдыCадыр Жапаров АКШнын сенатору менен кызматташтыкты талкуулады Бишкекте шамалдан эки бала, 19 билим берүү мекемеси жабыркадыБолгарияда алты жыл ичиндеги үчүнчү парламенттик шайлоо өтөтӨзбекстан быйыл Орусиядан газды үч эсе көп сатып алат28-март: Матраимовго дагы бир айып тагылды, Шереметьеводон ондогон киши Кыргызстанга кайтарылат