“Крокус Ситидеги” кол салууга байланыштуу дагы бир адам кармалды

“Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан каза тапкандарды эскерип жаткандар.

Орусиянын Тергөө комитети “Крокус Сити Холл” борборундагы окуя боюнча кылмыш ишине байланыштуу дагы бир шектүү кармалганын билдирди. “Азаттыктын” орус кызматы ага куралдуу кол салууну уюштургандарды каржылоого тиешеси бар деген айып тагылганын жазды.

Тергөө комитети кармалган шектүүнү камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтире турганын кабарлап, бирок анын тек-жайы тууралуу маалымат берген жок.

22-мартта Москванын чет жакасындагы “Крокус Сити Холл” борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Кол салуудан 143 киши каза таап, 190дой киши жаракат алды.

Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталып, эки айга камакка алынды. (BTo)

Дагы караңыз

Cадыр Жапаров АКШнын сенатору менен кызматташтыкты талкуулады Бишкекте шамалдан эки бала, 19 билим берүү мекемеси жабыркадыБолгарияда алты жыл ичиндеги үчүнчү парламенттик шайлоо өтөтӨзбекстан быйыл Орусиядан газды үч эсе көп сатып алат28-март: Матраимовго дагы бир айып тагылды, Шереметьеводон ондогон киши Кыргызстанга кайтарылат«Крокустагы» кол салуу боюнча кармалган Исломовдор бөгөт чарасына каршы арызданышты