Орусиянын Өзбекстанга Казакстан аркылуу экспорттолуучу жаратылыш газынын көлөмү быйыл былтыркыга караганда үч эсе көбөйтүлгөнү жатканын бүгүн 28-мартта казак Энергетика министрлигинин маалыматына таянып «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.
«Газпромдун» жана Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстанга транспорттолуучу орусиялык газдын жылдык көлөмү 3,8 млрд куб метр болот, былтыр бул көрсөткүч 1,28 млрд куб метрди түзгөн.
Өзбекстан Орусиядан газды Казакстан аркылуу импорттоону 2023-жылдын октябрында баштаган.
Быйыл март айынын башында «Озодлик» радиосу Өзбекстандын газ транспорттоочу системасындагы жагдай тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Анда энергетика тармагынын падышасына айланды деген Бахтиёр Фазылов аттуу ишкер тууралуу баяндалган. (RK)
Дагы караңыз
Орусия: "Мигранттар, террордук чакырыктардан сак болгула"28-март: Матраимовго дагы бир айып тагылды, Шереметьеводон ондогон киши Кыргызстанга кайтарылат«Крокустагы» кол салуу боюнча кармалган Исломовдор бөгөт чарасына каршы арызданыштыКазакстан: Сел каптаган айылда нааразылыкка чыккандар жазаланды