Орусияда Тажикстандын жараны «Крокус Сити» борборундагы «террордук чабуулду актаганы үчүн» деген шек менен кармалганын 28-мартта «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.
Astra Телеграм-каналынын маалыматына караганда, 26 жаштагы Баходур Зухуров 27-мартта Санкт-Петербург шаарында колго түшүрүлдү, Тергөө комитети жарыялаган видеодо ал «экинчи кайталанбайт» деп айтып жатканын көрүүгө болот.
Ал Телеграм-каналдардын бирине «Крокус Ситидеги» окуя тууралуу видео менен кошо террордук чабуулду «актаган белгилер камтылган» комментарий жарыялаган деп шектелүүдө. Эгер тагылып жаткан айып сотто колдоо тапса ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.
Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду. (RK)
Дагы караңыз
Бишкекте катуу шамал имараттардын чатырын учуруп, бак-дарактар куладыДиний саясат боюнча эксперттик кеңеш жыйынга чогулдуОкуучуну сүзүп качкан милиция башчы абактан бошотулдуБУУ: Орусия үч айда кеминде 32 украин туткунун өлтүргөн болушу ыктымал