28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап автоунааларды басып калды. Катуу шамалдын кесепети тартылган сүрөт-видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары жарыялап жатышат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызгидромет борборуна шилтеме берип, Чүй облусунун Токмок шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткенин билдирди.
Министрлик мунун алдында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал болорун эскертип, элди коопсуз жайларда болууга чакырган. (BTo)
Дагы караңыз
БУУ: Орусия үч айда кеминде 32 украин туткунун өлтүргөн болушу ыктымалПутин НАТО менен согушпай турганын, бирок F-16 "мыйзамдуу бута" болорун айттыКыргызстан “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак сатып алдыКазакстан: Сел каптаган айылда нааразылыкка чыккандар жазаландыМинистрлик төрт жылда коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сом түшкөнүн билдирди Ошто экстремизм боюнча каттоодо тургандарга түшүндүрүү иши жүрүп жататУКМК Матраимовдор боюнча жалган маалымат тарап жатканын билдирдиБишкекте катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды