27-март: Бир тууган Матраимовдор камалды, Москвада теракттын курмандыктары 140ка жетти

Райымбек Матраимовду сот залынан алып чыгып бараткан учур. 27-март. Бишкектин Биринчи Май райондук соту.

27-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Матраимовдор камакка алынды

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алды. Мурдагы бажычы өзү жана адвокаты коюлуп жаткан айып тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ушул эле күнү Ош шаардык соту Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду эки айга камакка алды. Атайын кызмат аларды 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келген. Райымбек Матраимовго “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен айып тагылды.

11 журналисттин иши: үч киши камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту 27-мартта “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, аталган медианын мурдагы кызматкери, “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду камакта калтырды. “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовдун адвокаты келбей калгандыктан анын бөгөт чарасын кароо 1-апрелге жылды. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлерине “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Журналисттер коюлган кинени четке каккан.

Павел Тёго козголгон кылмыш иши токтотулду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) орусиялык ишкер, “Капитал Групп” компаниясынын ээси Павел Тёго (кылмыш чөйрөсүндө “Паша Кореец” деген ат менен белгилүү) коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулганын билдирди. 19-мартта Павел Тё Кыргызстанга келип, укук коргоо органдары бир катар тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзгөн. УКМК анын жыйынтыгында Павел Тёнун уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экени аныкталганын, ушундан улам кылмыш иши токтотулганын кабарлады. Атайын кызмат ага ушул жылдын 12-мартында издөө жарыялаган. УКМК Павел Тё “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин, ал “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылап жүргөнү аныкталганын жарыялаган.

Министр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулун сотко берди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун буга чейинки парламенттеги сөзү үчүн сотко берди. Министр депутаттан 10 миң сом өндүрүп берүүнү сурап жатат. Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган. Министр аны четке каккан.

Москвада "Крокус Ситидеги" чабуулдун курмандыктары 140ка жетти

Дарыгерлер ооруканадагы төрт бейтаптын абалын өтө оор, 19 адамдын, алардын арасында үч баланын абалын оор деп мүнөздөп, 34ү орточо оор абалда экенин маалымдады. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн набыт болгондордун болжолдуу тизмесине кошту. Маалыматты маркумдардын биринин жакындары “Азаттыкка” ырастады. Тажикстан жана Өзбекстан Орусиядагы жарандарын этият болууга чакырууда

Израил барымтадагыларды бошотуу маселесин көтөрдү

France-Presse агенттиги (AFP) маалымдагандай, Израил армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Даниэл Хагари “Амит Сусаннанын «Нью-Йорк Таймс» гезитине курган маегинде сексуалдык зомбулук тууралуу айтып бергендери барымтада калган адамдарды бошотуу үчүн, жалпы коомчулук үчүн кооптуу сигнал” деп айтты. ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган)былтыр октябрда Израилге кол салганда уурдап кетип, 55 күн барымтада кармаган 40 жаштагы юрист Амит Суссананын The New York Times басылмасына курган маеги 26-мартта жарыяланган. Ал Газада кабылган сексуалдык зомбулук тууралуу айтып берген.

Украина 13 жанкечти дрондун ону атып түшүрүлгөнүн билдирди

Украина Орусия учурган 13 Shahed учкучсуз учагынын онун атып түшүргөнүн билдирди. Жанкечти дрондор Сумы, Харьков жана Полтава облустарында кармалды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. Штабдын соңку маалыматына караганда, фронттогу абал олуттуу өзгөрүүсүз турат. Орус армиясы Украинанын түндүктөгү коргонуу күчтөрүнө каршы, Купянск жана Лиман багыттарында, Бахмут жакта, Авдеевканын батыш тарабында жана түштүк фронттун айрым аймактарында чабуулдарын улантууда.

Казакстандын сел каптаган аймагында элдин нааразылыгы айтылды

Астананын чет жакасында, Акмоло облусунун Целиноград районундагы Коянды айылынын тургундары аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоону талап кылып, шейшемби күнү кечинде акцияга чыгышты. «Азаттыктын» казак кызматы 27-мартта билдиргендей, алар кардын эришинен жана жаан-чачындан улам көчөлөрдү, короолорду, үйлөрдү суу каптап, тазалоо иштери натыйжа бербей жатканын айтышты жана кан жолду бир нече саат бою тороп турушту. Бийлик айылга күч органдарынын атайын бөлүгүн жөнөткөндөн кийин нааразылык акциясына чыккандар тарап кетишкени кабарланды. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар мекемеси селге каршы аракеттер көрүлүп жатканын, башка бир нече аймакта да кооптуу абал жаралганын, 74 адам, анын ичинен 30 бала эвакуацияланганын, бир нече үйдү суу каптаганын, сууну сордуруп алуу иштери уланып жатканын билдирди.