Мугалимдердин билимин текшерген тестирлөө өткөрүлөт

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Өлкөдөгү мугалимдердин билим деңгээлин текшерүү үчүн жалпы республикалык тестирлөө өтөт. Бул тууралуу 26-мартта Бишкектеги маалымат жыйында министр Догдургүл Кендирбаева билдирди.

“Сентябрдан баштап жалпы республикалык тестирлөө аркылуу бардык мугалимдердин билим деңгээлин аныктоону уюштурабыз. Жазалоо иретинде эмес. Дүйнөлүк онлайн курстарды илип коёбуз. Мугалимдин пайдаланып жатканын жасалма интеллект аныктап турат. Жыл сайын окуучулардын дагы билим деңгээлин аныктайбыз. Окуучунун билим деңгээлине жараша мугалимдин эмгек акысы төлөнөт. Ошондо базалык эмгек акысы кала берет. Мисалы, 20 миң сом айлыгы болсо, жакшы көрсөткүчкө жеткендер 120 миң сомго чейин ала берсин”, - деди министр.

Буга чейин Кендирбаева мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программанын долбоору жөнүндө президент Садыр Жапаровго маалымат берген.

Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала аттаган. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстан БУУнун Газа боюнча резолюциясын кубаттады