Кыргызстан БУУнун Газа боюнча резолюциясын кубаттады

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланууда. 25-март, 2024-жыл. Нью-Йорк.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу резолюциясын кубаттап, чечим жакынкы ара ишке ашарына үмүт кылат. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) таратты.

Анда Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун, ириде БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерди толук токтотуу жана гуманитардык кризисти чечүүгө биргелешкен аракеттерин колдору айтылат. Расмий Бишкек палестин-израил чатагын жөнгө салуу БУУнун резолюциясына ылайык “эки өлкө, эки эл үчүн” принцибинде ишке ашырылуусун колдойт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 25-марттын кечинде Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Документте ошондой эле ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун барымтасындагы израилдик туткундарды бошотуу талабы да камтылган. (TSh)

Дагы караңыз

Көлбаевдин "Данила" деген каймана аттуу айдоочусу кармалды