Тажик ТИМи "Крокус Ситидеги” окуяга байланыштуу үн катты

"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяга тажикстандык же тажик тектүү жарандардын байланышы жөнүндө маалыматты тактап, анан таратууга чакырды. Бул тууралуу билдирүү министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда Тажикстан Орусиянын расмий бийлигинен учурда тарап жаткан ар кандай кабарлар боюнча маалымат келбегенин белгилеп, жалган маалыматтар сыртта жүргөн тажикстандыктарга терс таасирин тийгизерин эскерткен.

Социалдык тармактарда Орусиядагы "Крокус Ситиде” ок чыгаргандар тажик жарандары деген такталбаган маалымат тарап жатат.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуядан каза болгондордун саны алтымыштан ашты. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 115 адам ооруканага жаткырылганын, анын бешөө балдар экенин кабарлады.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатууда. Бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкекте "Крокус Ситиде” каза болгондор эскерилүүдө