Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты. Михаил Подоляк бул окуяга Украинанын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
"Крокус Сити Холлдогу” ок атуу менен Украинанын эч байланышы жок. Мунун эч кандай мааниси жок. Украинанын орус армиясы менен согушуп жатканына эки жылдан ашты. Согуш аскердик туура чечимдер жана куралдардын санына жараша аяктайт. Террористтик чабуулдар эч кандай маселени чечпейт”, - деди Подоляк.
Ukraine certainly has nothing to do with the shooting/explosions in the Crocus City Hall (Moscow Region, Russia). It makes no sense whatsoever.First of all, Ukraine has been fighting with the Russian army for more than two years. And everything in this war will be decided only…
— Михайло Подоляк (@Podolyak_M) March 22, 2024
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда кеминде 60 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду.
"Ислам мамлекети" (Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө террористтик деп таанылган) радикал уюму "Крокус Сити Холлго" кол салууну өз мойнуна аларын жарыялады. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай электигин эскертебиз.
Дагы караңыз
ТИМ: "Крокус Сити Холлдогу" эки кыргыз жараны боюнча маалымат такталган жокМосква: "Крокус Сити Холлдо" жабыркагандардын саны 145ке жетти Кыргызстан Москвадагы кандуу кол салууну айыптаган билдирүү таратты