Метеорология журналы Каспий деңизинин гидрометеорологиясы боюнча координациялык комитетинин (CASPCOM) маалыматына таянып, 2022-жылы деңиз 27 метрге, 2021-жылы 20 метрге тартылганын жазды. 2023-жылдын июнь айында деңиз деңгээли 28,82 метрге чейин тартылганын кошумчалады.
Эксперттердин айтымында, Каспий 2005-жылдан бери тартылууда.
Каспий деңизинин тартылышы анын жээгиндеги өлкөлөргө олуттуу экономикалык жоготууларды алып келип, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. Былтыр деңиздин тартылып баратканына байланыштуу Казакстандын Актау шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (AiA)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Март ыңкылабынын 19 жылдыгына карата элге кайрылды"Крокус Ситиде" кыргызстандык өспүрүм 100дөн ашуун кишини куткарып калганКараколдун жолу: Кар менен кошо "эриген" цемент арык