World Happiness Report жарыялаган бактылуулук рейтингинде 143 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 75 - орунду ээледи.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтү ээлеген Өзбекстан 47-орунга чыкты. Казакстан 49-орунда, Тажикстан 88-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.
БУУ, Gallup жана Оксфорддун бакубаттуулугун изилдөө борбору түзгөн жылдык рейтингде Финляндия жетинчи жолу катары менен эң бактылуу өлкө аталды. Ошондой эле алдыңкы ондукка Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерландия, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирген.
Бул жолку баяндамада бактылуулукту кишилердин курагы боюнча талдап чыгышкан. Окумуштуулар дүйнө жүзүндө адамдар карыган сайын бактылуулуктун орточо деңгээли акырындык менен төмөндөй берерин аныкташкан.
Индексти түзүүдө калктын жан башына ИДӨ (ички дүң өндүрүм), калктын социалдык жактан колдоо деңгээли, орточо жашоо узактыгы, жарандардын эркиндигин урматтоо, жумуш менен камсыз кылуу, коррупциянын деңгээли эске алынган.
Бириккен Улуттар Уюму 20-мартта белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк бакыт күнүн утурлай 2012-жылдан бери “Бактылуулук индексин” жарыялап келет. Аны түзүүдө негизги критерий катары өлкөдөгү социалдык шарттар, мамлекеттин камкордугу, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн деңгээли, орточо өмүр узактыгы, эркиндик, жарандардын кирешеси, коррупция сыяктуу жагдайлар эске алынган. Акыркы беш жылдан бери Финляндия биринчиликтен түшпөй келет.
2011-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алып, өлкөлөрдү өз элинин бактылуулугун баалоого жана аны саясатта эталон катары колдонууга чакырган. (AiA)
Дагы караңыз
Балдардын порнографиялык видеолорун таратууга шектелген жаран кармалдыКемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов үч адамдын иши кыскартылганын билдирдиЖЭБдеги авария: Эмгекти көзөмөлдөө кызматы Бактыбековдун кайрылуусуна жооп бердиМэрия Бишкектин жолдорун жамоо уланып жатканын билдирди