Казакстан Кыргызстандын товарына тыюу салууну токтотту

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы товар жүктөлгөн автоунаа. (архивдик сүрөт)

Казакстандын премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин өкмөттүн Кыргызстанда текшерүүдөн өтүп, сертификат жана декларация алган товарларга тыюу салуу боюнча токтом долбоору токтотулганын билдирди. Ал бул тууралуу inbusiness.kz агенттигине айтып, Кыргызстандагы өндүрүмдөрдү тийиштүү талаптарга ылайык текшерүүнү күчөтүү боюнча бирге иш алып барууну сүйлөшкөнүн билдирген.

"Бул көйгөй Кыргызстанда гана эмес, ар бир өлкөдө бар. Болгону айрым өлкөлөрдө ашепке болуп кетүүдө. Мен Соода жана интеграция министрлигинин чечимине азыр эртерээк деп ойлойм. Токтом долбоору - өкмөттүн чечими эмес. Тийиштүү деңгээлде макулдашуу болбогондуктан, биз аны токтоттук", - деди Жумангарин.

Казакстандын вице-премьер-министринин сөзүнө караганда, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен Кыргызстандын тийиштүү тармактары Кыргызстандагы өндүрүмдөрдү тийиштүү талаптарга ылайык текшерүүнү күчөтүү боюнча бирге иш алып барууну сүйлөшкөн.

Марттын башында Казакстандын өкмөтү Кыргызстанда сертификацияланган товарларга өз аймагында тыюу салууну сунуштаган. Тиешелүү министрлик өз жүйөсүндө кыргыз жергесиндеги лабораториялар товарларды сыноону жетиштүү деңгээлде өткөрбөй жана документтерди эсепсиз таратып жатканын жүйө келтирген.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги буга тынчсыздануусун билдирип, муну эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагында атайылап жасалчу тоскоолдук катары баалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги 15-мартта маалымат таратып, Кыргызстандагы өндүрүмдөрдү тийиштүү талаптарга ылайык текшерүүнү күчөтүү боюнча казак тарап менен бирге иш алып барууну сүйлөшкөнүн, товарга “көмүскө сертификат” (“серый сертификат”) берилишине жол бербөө жана башка бир катар чаралар кабыл алынганын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Советтик белги". Казак бийлиги гербди алмаштырууну сунуштадыОш шаардык кеңешинин депутаттары 117ге көбөйдүАКШда өзбек аял мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал таптыКыргызстан-Кытай: виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү талкууланды"Баа 40 сомдон кем болбосун". Сүт быйыл да төгүлбөйбү?