Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан бүгүн 19-мартта төрт өмүр кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусунда үч киши набыт кеткенин аймактын башчысы Александр Прокудин маалымдады. Анын айтымында, көп кабаттуу эки үй талкаланды.
Донецк облусунда Орусиянын аткылоосунан бир киши каза болгонун, дагы беш киши жараат алганын жергиликтүү бийлик башчысы Вадим Филашкин телеграм-каналына жазды.
Өлкөнүн Аскердик-деңиз күчтөрү Одессанын аймагында орусиялык чалгындоочу учкучсуз эки учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап, Украинанын аскердик гана объектилерин бутага алып жатканын, жай тургундардын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтып келет.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)
Дагы караңыз
ЕАЭБ ГМО үрөндөрүн киргизүүгө тыюу салууну талкуулап жатат Чек ара тактоо иши чырлуу участокторго жетти24.kg агенттигинде кожоюн алмашты. Бул эмне үчүн маанилүү?Солтон-Сары кени индиялык компания менен бирге иштетилет