Климаттык каржылоо борборунун жетекчиси болуп Адилет Амантаев дайындалды. Тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган борбор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караган. 2023-жылы декабрда Министрлер кабинетинин алдындагы мекеме болуп өзгөртүлгөн.
37 жаштагы Адилет Амантаев буга чейин Президенттик аппараттын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүндө эксперт болуп иштеген.
Климаттык каржылоо борбору БУУнун Жашыл климат фондунан жана эл аралык уюмдардан Кыргызстан үчүн каржы жана инвестиция тартуу менен алектенет. Климаттык өзгөрүүгө байланыштуу программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт. (SE)
Дагы караңыз
Кыргызстанда электр энергиясы май айынан тартып кымбаттайтБишкекте жол эрежесин бузганы үчүн төрт автобустун айдоочусу иштен алындыБишкекте Нооруз майрамы үч күн майрамдалат