Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, быйыл Нооруз майрамы 20-марттан 22-мартка чейин белгиленет.
Борбордук Ала-Тоо аянты улуттук стилде жасалгаланып, улуттук оюндар, көркөм кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын көргөзмөсү жана тамактануучу жайлар уюштурулат.
20-мартта саат 13:00де улуттук спорт оюндары болот, саат 14:00ден кечки 22:00ге чейин майрамдык концерт болот.
21-мартта саат 9:00да аянтта майрамдык чоң салтанат башталат. Саат 12:15тен тартып кечки 22:00ге чейин жергиликтүү ырчы-аткаруучулардын катышуусунда чоң концерт болот.
22-мартта саат 10:00до кайрадан улуттук спорт оюндары уюштурулуп, түштөн кийин концерттик программа башталат.
Шаардагы төрт райондун ар биринде да майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Улуттук тамак-аш, көркөм өнөр көргөзмөлөрү, ырчы кыз-жигиттердин "Сармерден" айтышы уюштурулат. Айрым жерлерде Нооруздун символу - сүмөлөк бышырылат.
Ноорузду утурлай, Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча "Нооруз-2024" республикалык мелдеши башталган. 14-марттан бери өтүп жаткан мелдешке 40 команда катышууда.(ZKo)
Дагы караңыз
Депутат Бекешев ооруканаларда дары-дармек жетишпей жатканын айтты18-март: Аскат Жетиген бошотулду, 24.kg сайтынын ээси алмашты, Газада аш-Шифа ооруканасына сокку урулду“Керемет Банктын” төрагасынын мурдагы орун басарына сот чечими чыктыБаткендин тургуну экстремисттик маалыматтарды таратууга шектелип кармалды"Важные истории": Путинге берилген дээрлик 22 млн добуш бурмаланган