Депутат Бекешев ооруканаларда дары-дармек жетишпей жатканын айтты

Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ооруканалардын жетекчилеринен дары-дармек, медициналык каражаттар убагында жеткирилбей таңкыстык болуп жатканы тууралуу арыз-даттануулар түшүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 19-мартта Телеграмдагы каналында айтты.

Кыргызстандын айрым аймактарындагы ооруканаларда дары-дармектин камы түгөнүп жатканы тууралуу маселе 15-мартт да көтөрүлгөн.

Бейтапканаларда дары жана башка медициналык каражаттар тартыш болуп жатканы тууралуу Бишкектеги, Баткендеги жана Оштогу ооруканаларда иштеген дарыгерлер билдиришип, бирок коопсуздугунан улам аты-жөнүн ачык айтышкан эмес.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматтарды четке кагып, өлкөдөгү 290 оорукананын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын айткан.

Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими 2023-жылы кабыл алынып, “Кыргызфармация” ишканасы түзүлгөн. Ал мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Буга чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.

Февралдын башында өлкө аймагында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын саны 61ге жеткен. (BTo)

Дагы караңыз

"Важные истории": Путинге берилген дээрлик 22 млн добуш бурмаланганКыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280 млн долларга жеттиБухарадагы автобус кырсыгында бир окуучу каза болдуОрусия киши өлтүрүүгө шектүү өзбек жаранын Анкарага өткөрүп бердиПхеньян Орусияга ок-дары жүктөлгөн 7 миңге жакын контейнер жөнөткөнБУУ: Эки айда Газанын түндүгүн ачарчылык каптайтРумын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болду18-март: Аскат Жетиген бошотулду, 24.kg сайтынын ээси алмашты, Газада аш-Шифа ооруканасына сокку урулду