Баткендин тургуну экстремисттик маалыматтарды таратууга шектелип кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Интернетте экстремисттик тыюу салынган маалыматтарды аудио жана видео материалдарды таратууга шек саналып, Баткен облусунун 33 жаштагы тургуну А.А. кармалды.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) кабарлады.

Алынган материалдардын баары тиешелүү экспертизага жиберилип, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу") менен кылмыш иши козголгону кабарланды.

Баткен ОИИБсы буга чейин да социалдык тармактар аркылуу "Өзбекстан ислам кыймылы" уюмунун материалдарын таратып жүргөн жаран кармалганын кабарлаган.

2003-жылдан бери Кыргызстанда баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280 млн долларга жеттиБухарадагы автобус кырсыгында бир окуучу каза болдуОрусия киши өлтүрүүгө шектүү өзбек жаранын Анкарага өткөрүп бердиПхеньян Орусияга ок-дары жүктөлгөн 7 миңге жакын контейнер жөнөткөн