2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларга жетти. Бул 559 млрд 503,58 млн сом. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 45,53% түздү.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, мунун ичинен 4 млрд 652,73 млн доллар (414 млрд 490,20 млн сом) тышкы, 1 млрд 627,80 млн доллар (145 млрд 13,37 млн сом) ички карыз.
Президент Садыр Жапаров былтыр “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстан мамлекеттик карызга 2022-жылы 33,6 млрд сом, 2023-жылы 48,6 млрд сом төлөгөнүн, 2024-жылы 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралганын билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскерткен. Ал өлкө карызды төлөй албай калса, Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башка өлкөлөрдүн колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул көз карандысыздыкка шек келтирерин айткан.
Бийлик ушул тапта карызды төлөөгө мамлекеттин кудурети жетерин билдирип келет. (BTo)
Дагы караңыз
Орусия киши өлтүрүүгө шектүү өзбек жаранын Анкарага өткөрүп бердиПхеньян Орусияга ок-дары жүктөлгөн 7 миңге жакын контейнер жөнөткөнБУУ: Эки айда Газанын түндүгүн ачарчылык каптайтРумын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болдуТүндүк Корея Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду18-март: Аскат Жетиген бошотулду, 24.kg сайтынын ээси алмашты, Газада аш-Шифа ооруканасына сокку урулду