Орусия киши өлтүрүүгө шектүү өзбек жаранын Анкарага өткөрүп берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Стамбулда өзү иштеген мейманкананын ээсин өлтүргөн деп шек саналган өзбекстандык Хасанжон Аминовду Түркияга өткөрүп берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкери Ирина Волктун сөзүнө шилтеме кылып, билдирди.

Маалыматка ылайык, Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн өзбек жараны 15-мартта Москвадагы Внуково аэропортунда түрк бийлигине өткөрүлүп берилди.

Ирина Волктун айтымында, түрк бийлиги Хасанжон Аминов Стамбулдагы мейманканалардын биринде иштеп жүргөндө шериги менен мейманкананын ээсин өлтүрүп, 2019-жылдын июль айында Түркиядан чыгып кеткенин билдирген.

"Полиция кызматкерлери айыпталуучуну 2023-жылдын июль айында Орусиянын Казан шаарында кармашкан", - деп кошумчалады Орусиянын ИИМинин өкүлү.

Дагы караңыз

Кыргызстан: Он эки жылдык окуу системасы – замана талабыБУУ: Эки айда Газанын түндүгүн ачарчылык каптайтЖакынкы Чыгыш: Газа ооруканасындагы рейд, Нетаньяхуга каршы митинг "Залкарлардын колунан тарбия алгам" Сот жазуучу Шакирди абакта калтырды