18-мартта түшкө жакын Өзбекстандын Бухара облусунда окуучулар бараткан автобус менен жүк ташыган машине сүзүшүп, бир бала каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кагылыштан кийин эки унаа тең капталына оодарылып кеткен. Жыйынтыгында 9-класстын окуучусу алган жараатынан улам ооруканада үзүлгөн. Дагы бири оор жарааттары менен ооруканага жаткырылса, калган 25 окуучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
№5 мектептин 9-классынын окуучусу Xabar.uz басылмасына билдиргендей, балдар Бухара облусундагы музыкалык-драмалык театрга бара жаткан.
"Балдарды башка автобуска, бизди башка автобуска отургузушкан. Биздин автобус кырсыкка кабылган автобустун артында бараткан", – деди окуучу кыз.
Учурда бул кырсык боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
Дагы караңыз
Кыргызстан: Он эки жылдык окуу системасы – замана талабыБУУ: Эки айда Газанын түндүгүн ачарчылык каптайтРумын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болдуЖакынкы Чыгыш: Газа ооруканасындагы рейд, Нетаньяхуга каршы митинг Сот жазуучу Шакирди абакта калтырды