Пхеньян Орусияга ок-дары жүктөлгөн 7 миңге жакын контейнер жөнөткөн

Украин бийлиги Түндүк Кореяда жасалганын айткан ракетанын бөлүктөрү. Харьков шаары, 6-январь 2024-жыл

Түндүк Корея 2023-жылдан бери Орусияга ок-дары жана башка аскер жабдыктары жүктөлгөн 7 миңге жакын контейнер жөнөткөн. Бул тууралуу Түштүк Кореянын коргоо министри Син Вон-сик билдирди.

Анын айтымында, Пхеньян алгач жүктү кемелер менен жеткирсе, учурда бул үчүн темир жолду көбүрөөк пайдаланууда. "Түндүк Корея бул аскердик колдоосу үчүн Орусиядан 9 миңден ашуун контейнер жардам алган болушу мүмкүн", – деп кошумчалады министр.

Sky News телеканалы белгилегендей, Шин Вон-сик бул тууралуу Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын кое бергенден бир нече саат өткөндөн кийин билдирди.

Буга чейин АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Кореяны Орусияга снаряддарды жана башка аскердик жардамдарды жөнөтүүгө айыптаган. Бул айыптоолорду Москва да, Пхеньян да четке каккан.

Февраль айында The New York Times гезити Орусия ок-дарыларды бергени үчүн Түндүк Кореянын дүйнөлүк каржы системасына кирүүсүнө жол ачып, БУУнун санкциясына кабылган түндүк кореялык активдердин бир бөлүгүн камактан чыгарганын кабарлаган.

Дагы караңыз

Кыргызстан: Он эки жылдык окуу системасы – замана талабыБУУ: Эки айда Газанын түндүгүн ачарчылык каптайтРумын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болду"Залкарлардын колунан тарбия алгам"