“Керемет Банктын” төрагасынын мурдагы орун басарына сот чечими чыкты

"Керемет банктын" имараты.

“Керемет Банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Максат Дадыбаев боюнча сот чечими 11-мартта чыкканы 18-мартта белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Соттун маалыматына караганда, Дадыбаев Кылмыш жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча акталды. 345-беренеси (“Пара берүү”) менен күнөөлүү деп табылып, 150 миң сом айып салынды. Ушул эле кодекстин 80-беренесинин 7-бөлүмү колдонулуп, айып төлөөдөн бошотулду. Дадыбаев сот залынан эркиндикке чыкты.

80-берененин (“Жазаларды бириктирүү жана камакта кармоо убактысын кошуу эрежелери”) 7-бөлүмүндө “Эгерде соттук териштирүүгө чейин камакта кармалган адамга негизги жаза катары айып же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, коомдук иштер же түзөтүү жумуштары дайындалса, анда сот камакта кармоонун мөөнөтүн эске алып, ага дайындалган жазаны жеңилдетет же аны өтөөдөн толугу менен бошотот” деп жазылып турат.

Максат Дадыбаев 2022-жылдын декабрь айында камакка алынган. Ал буга чейин коопсуздук системасында бир нече жыл иштеген.

Башкы прокуратура 2022-жылдын декабрь айынын башында “Керемет Банктын” (мурдагы “Росинбанк”) айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Буга Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

2-мартта президент Садыр Жапаров "Керемет банкты" Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатып алууга байланыштуу мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанк") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап, 14-февралда кабыл алган. Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин атынан Каржы министрлиги "Керемет банктын" 97,45% акциясын Улуттук банктан 7 млрд 126 млн 432 миң сомго сатып алат.

Парламентте Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мындан алты жыл мурда "Керемет банкты" алуу туура эмес чечим болгонун белгилеген.

"Керемет Банк" - өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, “Керемет Банк” деген аталыш ыйгарылган.

Улуттук банктын жетекчисинин маалыматына караганда, "Керемет Банк" 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен жапкан. 2021-жылды чыгашасыз жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан. (TSh)

Дагы караңыз

Аскат Жетиген: Айткандарымды кылмыш деп эсептебейм