Орусиядагы саясий камоолорго байкоо салган «ОВД-Инфо» тобу жекшембиде, президенттик шайлоонун акыркы күнүндө 14 шаарда 65тен ашык киши кармалганын билдирди.
“Настоящее время” телеканалынын маалыматына караганда, Казан шаарында 20 киши кармалып, кийин кое берилди. Уфанын тургуну добушканада оппозициялык саясатчы, маркум Навальныйдын сүрөтүн үкөккө салууга аракеттенгенде, Москвада Навальныйдын сүрөтү тартылган футболка кийип барган киши кармалганы кабарланды. Санкт-Петербург шаарында бир аял шайлоо участогунун кире беришине Молотов коктейлин таштаганы, дагы бир нече киши бюллетендерге зеленка чачканы тууралуу маалыматтар тарады.
Орус оппозициясы жекшембиде «Путинге каршы чак түш» деген акцияны өткөрүүгө, шайлоо участокторуна жапырт келүүгө үндөгөн.
Москва шаарынын прокуратурасы 17-мартта түштө шайлоого келүү чакырыгы “жарандардын өз эркин билдирүүсүнө жана шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук түзүү аракети деп бааланарын, катышуучулар кылмыш жообуна тартыларын эскерткен.
Айрым активисттер саат 12де Федералдык коопсуздук кызматына чакырылды.
Акцияга чет жактардагы, анын ичинде Бишкектеги орус жарандары да катышты.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-мартта Москва убактысы боюнча саат 15.45ке карай шайлоо укугуна ээ 114 миллион кишинин 70% онлайн же участокторго барып добуш бергенин билдирди.
Алгачкы жыйынтыктар 18-мартта белгилүү болот.