Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында баш калкалаган палестиналыктардын тагдырына тынчсыздануу күчөгөнүнө карабай, 17-мартта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ал жерге жөө аскерлерин жөнөтөрүн билдирди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүү алдында премьер “эч кандай эл аралык басым согуштун максаттарын ишке ашырууга тоскоолдук кылбайт" деп белгиледи.
Израил Рафахтагы хамасчыларга каршы жердеги операцияны баштарын көптөн бери эскертип келатат. Египет менен чек ара аймагындагы калаада Газанын түндүгүнөн жер которгон бир жарым миллионго жакын киши баш калкалап жүрөт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус Рафахка чабуул койбоого чакырып, “гуманитардык катастрофанын начарлашын алдын алуу” зарылдыгын айткан.
Ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. Катардагы эмки жолугушуу качан өтөрү белгисиз.
Ал арада Израил армиясынын бомбалоосунан жекшембиге караган түнү бери дегенде палестиналык 61 киши өлгөнүн ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) башкарган тилкенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
AFP агенттиги жазганына караганда, Дейр ал-Балах деген жерде бир үй-бүлөнүн 12 мүчөсү каза тапты.
Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги ошондон бери 30 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирүүдө.