Добушканаларда "Путинге каршы чак түш" акциясы өтүүдө

Бүгүн Орусиядагы президенттик шайлоонун үчүнчү күнүндө “Путинге каршы чак түш” акциясы башталды. Буга чейин орус оппозициясы Путинге каршы добуш бере турган шайлоочуларды добушканаларга саат 12ге келүүгө чакырган. Бул аркылуу Кремлдин саясатын колдобогондор бир маалда пикирлештери менен кезигип, алар жалгыз эмес экенин көрсөтүү максаты коюлган.

Москванын прокуратурасы 14-мартта мындай чакырыкты “жарандардын шайлоо укугун колдонуусуна жана шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук” катары баалап, акциянын катышуучуларына кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эскерткен.

Москва убактысы боюнча саат 9:54тө Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин саны 60% жеткенин билдирди.

“Свобода” радиосу "7х7" басылмасына таянып, Новосибирскиде жергиликтүү убакыт менен түшкө жакын добушканалардын астында кезек күткөндөр көбөйгөнүн жазды.

“Путинге каршы чак түш” акциясы Орусиянын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде жана консулдуктарында да өтүүдө. “Астра” Телеграм каналы Жаңы Зеландиядагы көрүнүштү чыгарган.

Акцияга келгенин Орусиянын Бишкектеги элчилигиндеги добушканага келген бир топ орус жарандары да билдиришти.

Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, кезек күткөндөр элчилик жайгашкан Манас көчөсүнөн Киев-Исанов көчөсүнө чейин созулду.

Орусия президентин шайлоодо үчүнчү күн добуш берүү уланып жатат. 15-мартта башталган шайлоо 17-мартта аяктайт. Мунун алкагында Кыргызстанда төрт жерде - Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында добушканалар ачылган.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бул чечимди кийин өлкөнүн Жогорку Соту да кубаттаган.

Көз карандысыз байкоочулар жана эксперттер Орусияда акыркы жылдары өткөн шайлоолор акыйкатсыз болду деген баа беришкен.

Дагы караңыз

Орусиянын алты аймагына дрон чабуулу болду Орусиядагы шайлоо: Бишкекте добуш бергени келгендер түшкө жуук көбөйдүБоспиекте Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди Президент Жапаров Аксы окуясынын 22 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады