"Түркияда боорду сокур ичегидей алмаштырып калыптыр"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өз саламаттыгына көз салуу, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылуу - адамдагы эң баалуу сапаттардан. Медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, анестезиология боюнча адис Жамиля Чынгышева “Азаттыктын” студиясына келип дарыгерлик кесиптин түйшүгү менен жоопкерчилиги, жаңы тажрыйбаларды кыргыз медицинасына алып келүүнүн оош-кыйыштары, коомчулуктун саламаттыкты сактоого, дарыгерлерге мамилеси өңдүү маселелердин айланасында кеңири маек курду.