Хоккей: Кыргызстан Мексиканы 9:4 эсебинде утту

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасы дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын оюндарынын алкагында Мексика курамасын утту. "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өткөн беттеште кыргыз хоккейчилери атаандаштарын 9:4 эсеби менен жеңди.

Төртүнчү тур оюндарынын алкагында Люксембург курамасы Түштүк Африка Республикасын 4:2, Таиланд Түркмөнстанды 13:3 эсебинде утту.

Үчүнчү тур оюндарынын жыйынтыгы менен Таиланд курамасы 12 упай топто мелдеш жадыбалында биринчи орунда турат. Экинчиге тогуз упай топтогон Кыргызстан чыкты. Үчүнчү орунду 8 упайы менен Люксембург ээледи. Түркмөнстан менен Түштүк Африка Республикасы үчтөн упай топтоп, 4-5-орундарга жайгашып турат. Ал эми Мексика бир упай менен алтынчы орунда.

Таиланд жана Түркмөнстан курама командаларынын беттеши.

Алты өлкөнүн хоккей курамалары катышып жаткан дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын акыркы оюндары 16-мартта өтөт.

Оюндардын убактысы:

14:00: Таиланд - Люксембург;

17:00: Түркмөнстан - Мексика;

20:00: Кыргызстан - Түштүк Африка Республикасы .

Мелдеште эң көп упай топтогон команда жеңүүчү болот жана ал хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын II дивизиондун Б группасына чыгууга жолдомо алат.

Мелдеш 10-мартта башталган. Аны өткөрүү үчүн мамлекет 3 миллион сом бөлгөн.

Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) хоккей боюнча дүйнө чемпионаттарын өлкөлөрдүн рейтингине жараша беш дивизионго бөлүп өткөрүп келет. Жогорку, биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү дивизиондо мелдештер А жана Б тайпаларына бөлүнүп өтөт. Ар бир дивизиондун жеңүүчүсү кийинки дивизионго өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми акыркы орунду ээлеген курама ылдыйкы дивизионго түшөт.(GT)