Үч райондун акимдери алмашты

Президент Садыр Жапаровдун 14-марттагы буйругу менен Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондорунун, Нарын облусунун Кочкор районунун акимдери алмашты.

Мамлекет башчынын жарлыгы менен Алмазбек Осмонов ишеничтен кеткенине байланыштуу деген негизде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими кызматынан бошотулду. Анын ордуна президенттин башка жарлыгы менен Кочкор районунда аким болуп турган Эрмекбай Омошев аким болуп дайындалды.

Чүй районунун акими Алмаз Аттокуров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Русланбек Тагаев дайындалды.

Ал эми Кочкор районунун акими кызматына Камил Чоткараев дайындалды. (ZKo)

Дагы караңыз

Ош бир мандаттуу округунан ЖК депутатын шайлоо 28-апрелде өтөтСириядагы 1982-жылкы Хама кыргыны жана Рифат АсадБаткенде миграциядагы кыз-келиндерди колдоо долбоору ишке аштыОрусиянын Украинага чектеш эки облусунда кайра кармаш жүрүп жататАбасы быйыл тазарган Калыс-Ордо