Ош бир мандаттуу округунан ЖК депутатын шайлоо 28-апрелде өтөт

Айбек Осмонов.

№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 28-апрелде өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында 14-мартта жарыяланды.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлдү.

Министрлер кабинети шайлоону өткөрүү үчүн каражат бөлүп берет.

Президент Жапаровдун 4-марттагы жарлыгы менен №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо да 28-апрелге белгиленген.

БШК көп өтпөй бул округдардан шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлер арыздарын бере баштаганын билдирген.

Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 26-мартка чейин уланып, аларды каттоо 8-апрелге чейин жүрөт. Үгүт иштери 8-апрелден 27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган.

БШК 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат бул округда өткөн шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

Азыр анын кайда экени белгисиз. (ZKo)

Дагы караңыз

Баткенде миграциядагы кыз-келиндерди колдоо долбоору ишке аштыАбасы быйыл тазарган Калыс-ОрдоПарламентте "Чет элдик өкүл" мыйзамы үчүнчү окуудан талкуусуз өттүОрусиянын Украинага чектеш эки облусунда кайра кармаш жүрүп жататХоккей: Кыргызстан Түркмөнстанды 7:5 эсебинде утту