Интернет аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды

Баткен шаары. Архив

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 14-мартта билдиргендей, социалдык тармактар аркылуу «Өзбекстан ислам кыймылы» уюмунун материалдарын таратып жүргөн жаран кармалды.

"У.С. инициалындагы колдонуучу жеке аккаунт ачып, экстремисттик, террористтик маанайдагы материалды жайгаштырып турган", - деп жазылган маалыматта.

Атайын экспертизанын корутундусу ал тараткан материалдарда туура эмес жана тыюу салынган идеологиялык мазмун бар экени аныктаган.

Милициянын билдирүүсүндө, тыюу салынган экстремисттик-террордук топтордун идеологияларынын колдогон Баткен облусунун 27 жаштагы жараны аныкталып, андан далил буюмдар табылган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси ("экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу") менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө уланууда. (JsA)

Дагы караңыз

Парламентте "Чет элдик өкүл" мыйзамы үчүнчү окуудан талкуусуз өттүОрусиянын Украинага чектеш эки облусунда кайра кармаш жүрүп жатат“Сурмалуу болом деп, көзүмдөн айрылып кала жаздадым”