14-март: “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору өттү, АКШда TikTok чектөөгө кабылышы ыктымал

Вашингтондо Капитолийдин жанында TikTok тиркемесин колдор чыккае кыз.

14-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

“Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеш талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Канаданын, Франциянын, Германиянын, Британиянын жана АКШнын элчиликтери Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экени айтылган документ боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Депутат министрди айыптады

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламентте “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындады. Министр “Азаттыкка” комментарий берип, 2000-жылдары №47 колониянын ооруканасында консультант болуп иштеп турганда абактагыларга да операция жасаганын айтып, депутаттын дооматын четке какты.

Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Президент Жапаров Көлбаев, Матраимов тууралуу комментарий берди

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовду кабыл алып, эскертүү бергенин айтты. Бирок алар мыйзамсыз иштерин токтотпогондуктан чара көрүлгөнүн белгиледи. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов эл аралык издөөдө жүрөт.

Ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматта ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу үчүн ушундай жарлык кабыл алынганы жазылат. Буга чейин компания Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу. Мамипотека компаниясы 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Газага гумжардам жүктөгөн кеме баратат

Америкалык World Central Kitchen кайрымдуулук уюму чогулткан 200 тонна азык-түлүк жана башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн Open Arms кемеси 12-мартта Кипрдеги Ларнака портунан жолго чыккан. Газага жардам жеткирүү үчүн деңиз коридорун ачуу тууралуу чечимди Еврокомиссия жана эл аралык донор уюмдар 8-мартта кабыл алган. Кеме Газа шаарынын түштүк тарабындагы жээкке барып токтойт. Израил деңиз коридору ачылганын кубаттап, бирок коопсуздук үчүн текшерүүдөн өткөрөрүн эскерткен.

Орусиянын Украинага чектеш эки облусунда кайра кармаш жүрүп жатат

Курск облусунун губернатору Роман Старовойт Телеграм-каналына "украиналык диверсиялык-чалгын топтор" Теткино кыштагы аркылуу аймакка кирүү аракетин кайрадан улантып жатканын жазды. Росгвардия Теткино кыштагынын тушунда Курск облусуна кирип барууга аракет кылгандар "диверсанттарга" каршы аскерлер салгылашып жатканын маалымдады. Бул тууралуу "Интерфакс" жазды. Белгород облусунда «диверсанттар» чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканын Би-би-си орусиялык булактарга таянып билдирди. «Аскер кабарчысы» деп таанылган Семен Пеговдун WarGonzo долбоору Сподарюшино кыштагынын жанында атышуу жүрүп, орусиялык аскерлер жана чек арачылар адамдарды жана алардын техникасын жок кылып жатканын жазды.

АКШда TikTok чектелиши ыктымал болгон мыйзам долбоору кабыл алынды

Конгресстин Өкүлдөр палатасы жактырган мыйзам долбоору TikTok АКШда ишмердүүлүгүн кандай форматта жана кимдин башкаруусу алдында улантарын, деги уланта алабы же жокпу аныктайт. Эми долбоор Сенаттын кароосуна жөнөтүлөт. Мыйзам кабыл алынса, эгер TikTok түйүнү ага ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясынын карамагынан чыгарылбаса, АКШнын интернеттеги тиркемелер дүкөнүнө чыгуусуна тыюу салынышы ыктымал. Буга чейин АКШда TikTok түйүнүн «улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда» деген жүйө менен чектөө аракети көрүлгөн.

Эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Талгарбек Жакшылыков 60 жашында оорудан улам акка моюн сунду. Ырчы соңку кезде Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда эмгектенип жүргөн. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин театрда узак жыл бою солист болуп эмгектенген. 1998-2000-жылдары Италиянын Кальи шаарындагы Марио Дель Монако академиясында сабак алган. 2001-жылдан кийин Астана шаарындагы опера жана балет театрында да иштеген. Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Балкаш районунда туулган.