15-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 суук, күндүз 3…5 жылуу болот.
Дагы караңыз
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолгону байкалууда"Абдыш-Ата" футбол клубу АФК Кубогунун жарым финалына чыктыДепутат министр Бейшеналиевди "кылмыштуу топторго тиешеси бар" деп сындады