Хоккей: Кыргызстан Түркмөнстанды 7:5 эсебинде утту

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасы дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын оюндарынын алкагында Түркмөнстанды 7:5 эсеби менен утту. Буга чейин Кыргызстан курамасы Люксембургду уткан. Эки оюнда алты упай топтоп, мелдеш жадыбалында экинчи орунга чыкты.

Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын үчүнчү тур оюндарында Тайланд Түштүк Африка Республикасынын курамасын 5:1 эсеби менен, Люксембург Мексиканы 5:4 менен утту.

Мелдеш жадыбалында Тайланд курамасы тогуз упайы менен биринчи орунда турат. Экинчиге алты упай топтогон Кыргызстан чыкты. Үчүнчү орунда 5 упайы менен Люксембург жайгашты. Түркмөнстан менен Түштүк Африка Республикасы үчтөн упай топтоп, 4-5-орундарды ээлеп турат. Ал эми Мексика бир упай менен алтынчы орунда.

Алты өлкөнүн хоккей курамалары катышып жаткан дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын беттештери 16-мартка чейин өтөт. Мында алты команда бири-бири менен ойноп, жеңүүчүнү аныкташат. Мелдешти өткөрүү үчүн мамлекет 3 миллион сом бөлгөн. Оюндар борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүүдө.

Бүгүн, 14-мартта мелдештин төртүнчү туру өтөт.

Оюндардын убактысы:

14:00: Түштүк Африка Республикасы - Люксембург;

17:00: Тайланд - Түркмөнстан;

20:00: Кыргызстан - Мексика.

Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) хоккей боюнча дүйнө чемпионаттарын өлкөлөрдүн рейтингине жараша беш дивизионго бөлүп өткөрүп келет. Жогорку, биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү дивизиондо мелдештер А жана Б тайпаларына бөлүнүп өтөт. Ар бир дивизиондун жеңүүчүсү кийинки дивизионго өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми акыркы орунду ээлеген курама ылдыйкы дивизионго түшөт.

Мисалы, бул мелдештин жеңүүчүсү II дивизиондун Б группасына чыгууга мүмкүчүнчүлүк алса, группада акыркы орунду ээлеген команда 3-дивизиондун Б группасына түшөт. (GT)

Дагы караңыз

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз мелдеши өтүп жататПарламент “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды"Газпром Кыргызстан" Ошко газ аз келип калып жаткан себебин айтты