Жогорку Кеңеште бир нече депутат акыркы жылдарда Бишкектеги абанын ден соолукка таасири изилдениши керек деген маселе көтөрүштү. Депутат Таалайбек Масабиров калаадагы ыштын жарандардын саламаттыгына таасири тыкыр изилдениши керек экенин айтты.
“Мен силерге айтып койсом, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө жыл сайын жети миллиондой адам каза болот. Абанын булганышынын кесепетинен... Кыргызстанда 2010-жылдан 2019-жылга чейин өлүмдөрдүн 12-13% абанын булганышынан деген статистика бар. Ушундай маалымат барбы?”, - деди.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Кыргызстан боюнча статистика так эмес экенин билдирди.
Депутат Элдар Абакиров 10 жылдын статистикасын чыгарууну сунуштады. Арыкбаева учурда изилдөө башталганын, жакынкы жылдары жыйынтыгы чыгарыларын билдирди.
Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек тизменин башына чыгып жатат.
Финляндиянын метеорологиялык институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы көмүр жагуу экени көрсөтүлгөн.
Февраль айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында былтыркыга караганда быйыл ыш кескин азайганын, бул тийиштүү мамлекеттик органдардын бирдиктүү ишинин жыйынтыгы экенин билдирген.
Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу кыш жылуу болду. (TSh)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеште Казакстандын чектөө демилгеси боюнча маселе көтөрүлдү