Окуучулардын жазгы каникулу 11 күнгө созулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрү 21-марттан тарта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, балдар мектепке 1-апрелде кайтат.

Быйыл 21-март - Нооруз майрамы бейшембиге туура келет.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин демилгеси менен 22-март дем алыш, ал эми анын ордуна 6-апрелде иш күн деп жарыяланган.

Жыйынтыгында келерки жумада 21-марттан тартып 24-мартка чейин төрт күндүк эс алуу болот.(ZKo)

Дагы караңыз

Вильнюста Навальныйдын шакирти Волковго кол салуу болдуУлуттук банк 8 миллиондон ашуун доллар саттыАдвокат Акин Токталиев сот жараянына киргизилген жокЖогорку Кеңеште Казакстандын чектөө демилгеси боюнча маселе көтөрүлдү"Кызамык оюнчук эмес": Эмдөөдөн эмнеге баш тартышат?