Парламент депутаты Кубанычбек Самаков 13-марттагы жыйында Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензияланган өндүрүмдөрдү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган токтом долбоору кыргызстандык ишкерлерге залакасын тийгизерин айтты.
Самаков кыргыз өкмөтүн бул маселени тез арада чечүүгө чакырды.
“Ошол токтом кабыл алынып калса Кыргызстандын жалпы экономикасына, соодагер, бизнесмендерине залакасы тийип калат. Урматтуу төрага ушул боюнча тапшырма берип коюшуңузду суранам”, - деди Самаков.
Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитети 2024-жылдын 1-июлунан тарта ЕАЭБ KG (Кыргызстан) номурлары бар шайкештикти баалоо документтери менен коштолгон өндүрүмдөрдү Казакстанга киргизүүгө тыюу салууну сунуштоодо.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензияланган өндүрүмдөрдү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган токтом долбоору сунушталып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстан бул токтом долбоору Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына туура келбейт деп эсептейт. (TSh)
Дагы караңыз
Депутат Атазов башкы прокурор Зулушевди сындады