Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентте атайын билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптады.
Атазов мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу, парламенттин бедели, аны каралоо жөнүндө дагы билдирүү жасап, президентке кайрылды.
"Ушул мандатты алууга эки жылдан бери артыман кууп жүрүп башкы прокурор максатына жетти. Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар. Урматтуу кыргыз элим, Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин дагы өтө көп адамдар менен байланышкам. Мына, башкы прокурор Зулушев, сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Раим досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле. Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз", - деди Атазов.
Ал парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, депутаттарды коргоого чакырды. Атазов бийликтин чек ара, казино, Баш мыйзамды өзгөртүү сыяктуу бардык чечимдерин колдоп келгенин белгилеп, президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге туура эмес маалымат жетип жатканын билдирди. Казино мыйзамын колдогону үчүн элден кечирим сурады.
Атазовдун билдирүүсүнө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жооп берип, депутаттардын маселесин чечүүгө дайыма аракет кылып келгенин жана эл өкүлдөрүнө козголгон кылмыш иштер мыйзам чегинде экенин айтты.
Башкы прокуратура депутаттын билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек.
Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. Атазов сот токтому “мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин” айткан. Ал Түркияда дарыланып жатканын жана өлкөгө кайтып келерин билдирген.
Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовго эл аралык издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.
15-февралда жергиликтүү Region телеканалында депутаттар Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.
22-февралда анын бир тууганы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун расмий кабарлаган. (TSh)
Дагы караңыз
Экономика министрлиги Казакстандын чектөө демилгесине жооп берди